www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакбаев Тажикстандын министри менен эмнени талкуулады?

Кечээ, 13-апрелинде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулап, өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин белгилешти.

Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду.

Министрлер мамлекеттик чек ара чөйрөсүндө ишеним чараларын бекемдөө жана мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин тактоо боюнча ишти улантуу зарылчылыгы жөнүндө бир пикирде болушту.

Мындан тышкары, министрлер Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун, ошондой эле Бишкекте пландаштырылган «БА-ЕККУ кызматташтыгынын 30 жылдыгы» жогорку деңгээлдеги жолугушуунун алкагында боло турган тышкы саясий иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.

Министрлер кыргыз-тажик өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармоого макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости