www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинада согуш болуп жаткан маалда Казакстан дүйнө өлкөлөрүн 2045-жылга карата өзөктүк куралдарды толук жок кылуу боюнча план иштеп чыгууга үндөдү.
Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Өзөктүк куралга тыюу салуу жөнүндө келишимге мүчө өлкөлөрдүн Венада өтө турган жолугушуусун утурлай жазган макаласында билдирди.
Министр бул демилгесин Украинадагы жаңжалга негиздеди.
"Украина аймагындагы азыркы аскердик жаңжал, өзөктүк куралга кайтуу жөнүндөгү сөздөр жана бири-бирин өзөктүк курал менен коркутуу – бул коркунучтуу куралга тыюу салуу жана жок кылуу зарылдыгы жөнүндө бизди мурда болуп көрбөгөндөй ойлондурууда", – деп жазды Тлеуберди.
Украинада согуш башталгандан бери орусиялык айрым белгилүү адамдар өзөктүк курал колдонулушу ыктымал экенин айтып келишет. Маселен, RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян эгер Орусия согушта жеңиле турган болсо, Путин өзөктүк курал колдонууга буйрук бериши мүмкүндүгүн айткан. Путин өзү болсо эгер Батыш өлкөлөрү жаңжалга кийлигишсе, кесепети оор болорун жана “чагылгандай сокку урарын” эскерткен.
СССР тарап кеткенден кийин Казакстан бираз убакыт ядролук арсеналга ээ болгон, кийин Украина сыяктуу эле андан өз каалоосу менен баш тарткан.
Өзөктүк куралга тыюу салуу жөнүндө келишимге 86 мамлекет, анын ичинде Казакстан да кол койгон. Бул келишимде ядролук державалар жок. Келерки аптада өзөктүк куралга тыюу салууну жактаган өлкөлөрдүн алгачкы жолугушуусу болот.
2045-жылы БУУнун 100 жылдыгы белгиленет.
Булак: NazarNews.kg