www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина Евробиримдикке ушул кылымдын орто ченинде гана кабыл алынышы мүмкүн жана ал убакта биримдиктин өзү жок болуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Telegram каналына билдирди.
Анын пикиринде, Украинанын Евросоюзга кошулушуна байланыштуу кырдаал СССРдеги коммунизмди курууга окшош: бул пландардын аткарыла турган датасы көрсөтүлгөн эмес, бирок көптөгөн текшерилгис абстракттуу шарттар келтирилген. Аларды объективдүү карап чыгуу мүмкүн эмес.
«Ага чейин Евробиримдик жок болуп кетсе эмне болот? Ал жерде кандай жаңжал болорун ойлонуу коркунучтуу. Анткени Евробиримдикке кирүү үчүн эч кандай курмандыктар болгон жок. Бактысыз украиналыктардын үмүтү таш капты», — деди Медведев.
Эске салсак, Еврокомиссиянын кеңеши Европа Кеңешине Украинага Евробиримдикке кирүүгө талапкер статусун берүүнү сунуштаган. Бирок Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталышы үчүн «Украина өзүнүн миссиясын аткарышы керек: сот системасын бекемдөө жана коррупция менен күрөшүү, ошондой эле деолхаризацияны жүргүзүү» үчүн бир катар реформалар керек.
Булак: NazarNews.kg