www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) дүйнөдөгү дин эркиндиги боюнча баяндамасын жарыялап, 2019-жылы Казакстанда алдыга жылыш болгонун белгиледи. Ошол эле маалда өлкөдө дин тутуу эркиндиги али чектелүү экенин билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, казак бийлиги былтыр диний ишмердүүлүк жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартканы белгиленген. Азыркы мыйзам боюнча өлкөдө каттоодон өтпөгөн диний уюмдардын ишине тыюу салынган.
USCIRF комиссиясынын баяндамасында Казакстан экинчи топко киргизилген. Тизмеде дагы 14 өлкө: Куба, Никарагуа, Судан, Өзбекстан, Ооганстан, Алжир, Азербайжан, Бахрейн, Борбордук Африка Республикасы, Египет, Индонезия, Ирак, Малайзия жана Түркия бар.
Дин эркиндигин бузган эң начар өлкөлөрдүн тизмесине Мьянма, Кытай, Эритрея, Иран, Түндүк Корея, Пакистан, Сауд Арабиясы, Тажикстан, Түркмөнстан , Индия, Нигерия, Орусия, Сирия жана Вьетнам кирген.
Булак: NazarNews.kg