www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-4 чакырылыштарынын депутаты, экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков коронавируска байланыштуу кырдаалга карата Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабка жана Саламаттыкты сактоо  министрлигине сунушун айтты.

Кубанычбек Исабековдун сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

“Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабка жана Саламаттыкты сактоо  министрлигине сунуш:

1.   Азыркы маалда коронавирус оорусунун коркунучтуу экендигине жана бул илдетке кабылгандардын дарылануусуна, көз жумгандарына ишенбестик эл арасында көбөйүүдө.

2.  Каржы маселесин багыттуу колдонуу жагынан дагы ар кандай маалыматтар интернетте тароодо. Ошол себептен карантиндин, өзгөчө абалдын айласыздан Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат- Башы районунда узартылышына каршылар көп. Эмне үчүн толук, так маалымат бюджеттин, алынган кредиттердин, гранттардын жана фонддордун бул вируска каршы күрөшүүгө арналган чыгымдарды ачык, жок дегенде жумасына бир жолу массалык маалымат каражаттарынан жарыялабайсыздар?

3.  Ошондой эле коронавирустан бул жашоодон өтүп кеткен жарандарыбызды керек болсо жерге берүү зыйнатын, аты-жөнү менен көргөзүп, оору жугуп, ооруканада жаткандардан (200гө жакыны медицина кызматкерлери, 12си милиционерлер) интервью алып, көргөзбөйсүздөр? Бул илдетти жугузуп алган бир адамды дарылоого канча каражат жумшалып жатат жана кайсыл дарылар менен эмне кылып айыктырдыңыздар?

4.  Дагы бир оорчундуу маселе жумушу, айлыгы жок калгандарга, өзгөчө күнүмдүк оокатын эптеп таап, турмуш-тиричилигин өткөргөндөргө кыйын болуп турганда, батир акысын төлөө, кредит, свет, газ, суу, салык ж.б. төлөмдөрдү Өкмөт кандай чечет? Даректик жардамдар баштыктагы азык-түлүктөр менен эле чектелеби жана алардын баалары канча сумманы түзөт?

Азыркы учурда ар бир жараныбыздын оюнда ушул суроолор болуп жатат. Ачык, туура айтылса, элибиз түшүнөт жана колдоп берет деп ишенем.

Сиздерге деле азыр кыйын заман. Бирок мамлекетибиздин тынччылыгы жана элибиздин биримдиги үчүн  бардыгыбыз бирге эмгектенели.

Сиздерди урматтоо менен Кубанычбек Исабеков”,-деп сөзүн аяктаган саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости