www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазуучу Кеңешбек Айтикеев ар бир пенденин укугу, эрки тууралуу билдирүү жазып чыкты
“Жер пенделерине космос дайыма жардам берип көзөмөлгө алып жакшы жашоого багыттап, адамдарды дайыма жакшылыкты үмүт этип, жакшылыкты гана күтүп турат. Бирок жер пенделерине эрк берип койгондуктан кандай жашаймын десе пенделердин өз эрки. Ак жолду тандап адашпай жашайбы, кара жол менен барып, адашып кайгыга түшөбү ал адамдардын өз эрки. Эркин сактап адашуудан өзүн сактап калабы же адашкан жолго алданып, биротоло баш оту менен кирип, адамын тааныбай аягы зым тор менен бүтөбү, бул да адамдардын өз эрки. Өз эрки менен кеткен адамдарга космос тоскоолдук кылбайт б.а. колун кармап турбайт. Себеби колу бутун адам өзү башкаруу керек. Ой да, сезим да өзүнүн эрки, кандай ойлойм десе ар бир адам өзү билет. Эгер адам ойлогон ойду аткарам деп чын дили менен аракет этсе сөзсүз аткарылат. Анткени ой бул эң чоң күч. Ошондуктан адамдар ак ойлосо, ак иштерди аткарып кадыр-баркка ээ болуп, бак дөөлөт башына конот, бактылуу жашап, а балким тарыхка таланты менен из калтырып дүйнөдөн өтөт.
Адамдар кара ойлоп, кара жолго түшүп жашоо турмуш өткөрсө, убактылуу бийликке, байлыкка, дөөлөткө жетет. Бирок ою кара болгондуктан акырындап ачкөздүгү артып, тойбой дүнүйө деп адамдарды өлтүрүүгө чейин барып, кара күчтүн камчылоосунда жашап, аягында шерменде болуп же өзүн азапка салып, башкаларга да өзүнүн тескери таасирин тийгизип, өзүнүн эркин башкара албай, а балким өз өмүрүн өзү кыйып өтүшү мүмкүн. Ойдун күчү ушунда. Космостун башкаруусунан адамдарды тескери кыял-жоруктары алп чыгат. Эң биринчи менменсинүү, башкаларды өзүнө теңебөө, мындай адат айрыкча колуна бийлик тийгенде, башына дөөлөт келгенде көзүн май басып, эч кимди көрбөй адам катары эсептебей “Мен” деп туруп калат. Андай учурда Кудайымды да тааныбаган мезгил болот.
Экинчиси, алкы бузулуп, алганына, жулганына тойбой, дүнүйөнүн кулуна айланып, мамиле боюнча адамдык сапаттан чыгып ойлогон ою бир гана дүйнө чогултуу болуп, эл-журт, урук-тууган, бала-чака, үйбүлө эстен чыгып, жашыруун төшөк жаңыртып, никесиз бала төрөтөт. Ошондой иштерге барганы үчүн өзүн эр ойлоп, башкалардан андай иштер колунан келбей тургандай сезип жашоо-турмуш өткөрөт. Напсисин тыюуга эрки жетпей калган мезгилге жетет.
Үчүнчүдөн, кызгануучулук мен гана болоюн деп бардык нерсени башкаларга ыраа көрбөйт. Бардык нерсени өзү гана ээлегиси келет, башкалардан кызганат. Кызгануу алдоочулук менен кошо жүрүп олтурат. Мына ушул үч нерсе (кыял, адат, мүнөз) адамдардын жан дүйнөсүн кыйнап, түнү-күнү ойлонуп, уйкусуз түндү өткөрүп, адамдык сапаттан чыгарып, учуру келгенде өз күнөөсү үчүн башканы байлап берип кутулуп кетүү менен күн көрүп, өмүр өткөрөт. Бирок космос көзөмөлгө алып, баарын эсепке алып, тизгинди узун таштап турганын сезип, сезбей адам баласы жашоо турмуш өткөрөт. Качан гана космостун буйругу менен үзөңгүдөн бут тайып, колдон бийлик кетип, баштан дөөлөт кетип, байлык колдун кири сыяктуу жуулганда пенде өткөн өмүрүн көз алдынан кино лентасындай өткөрүп, акылга келип, анализдеп, балким өз кемчилигин, жаңылыштыгын таразага салып сезиши да мүмкүн. Балким, башкаларды күнөөлөп, өзүнө суу жугузбай “Мен” деген бийик сезимге багынып, жашоосун улантышы да мүмкүн. Бул дагы пенденин өз эрки, ой-сезим пенделердин колунда.
Ата-эне өз балдарын өстүрүп, чоңойтуп, бой жеткенде өз эркине коёт. Бала кайсы жол менен кандай жашаймын десе өз эрки. Ушул сыяктуу биз жер пенделери космостун балдарыбыз. “Жашоодо мезгил келгенде акыл-эс бердим, эрк-сабыр бердим, жаша деп ар бириңе кесип, талант бердим, кандай жашаймын десең өз эркиң” деп адамдарга жашоонун эркиндигин ар биринин өз колуна берет. Кандай жолду тандап, кандай жашоо өткөрсө адамдардын өз эрки. Бирок пенделер ааламда баарыбызды башкарып көзөмөлдөп турган акылдуу, эстүү зат бар экендигин ар бир пенде унутпашыбыз керек. Жашоо үчүн күрөшүү деп коёт эмеспи. Эгер адамдарга эрк бербесе, эркин койбосо, анда ал жашоо үчүн күрөшө албайт. Адамдар жашоо үчүн күрөшпөсө, анда өнүгүп, өсүү болбойт. Ошондуктан космос адамдарга эрк берип, эркин коёт. Бирок, ата-эне баласын көзөмөлгө алып тургандай космос жердеги, башка планетадагы жашоо-турмушту көзөмөлгө алып, өтө чектен чыккандарды жазалап эсине келтирип, эскертүү берип жашоону жөнгө салып турат. Космостун эң негизги касиети – адамдарды сездирбей, көрүнбөй аралыктан тарбиялоо. Космостун сыры ушунда. Адамдардын ишенбөө сезиминин пайда болушу да ушунда.
Магнит нерселерди аралыктан өзүнө көрүнбөй туруп тарткан сыяктуу космос жер пенделерине аралыктан тарбиялоо ишин жүргүзөт. Тарбия – жашоонун ачкычы. Жакшы жашоо үчүн жакшы тарбиядан өтүү керек. Бирок берилген тарбияны сиңирип алуу, ал да ар бир адамдын өз эрки. Мисалы, тарбия үй-бүлөдө бардык балдарга бирдей, ал эми жашоо жолу ар башка, ар ким өз жөндөмү менен кетет.
Он жылдык тарбия мектептерде бирдей, жашоо жолунда жашоо турмушу ар кандай, ар башка. Космос да, адамдарды бирдей көзөмөлдөп бирдей тарбия берет, өз балдарындай бардык планетанын адамдарына кам көрөт. Бирок, ар бир мамлекеттин, ар бир коомдун, доордун жашоо жолу, көргөн күнү, жашоо-турмушу ар башка. Ар кандай жерде адамдардын ой-сезимине мүнөзүнө, кыял-жоругуна, кыймыл-аракетине, алган тарбиясына жараша жашоо болот. Ар бир коомдун жашоо жолу, адамдардын өмүр жолу, космосто аныкталып, такталып коюлган. Белгиленген убакыт келгенде доор алмашат, өмүр аяктайт. Адамдар космостун мындай законун сезбей жашоо менен өмүрлөрүн өткөрө берет",-деп жазып чыкты Кеңешбек Айтикеев.
Булак: NazarNews.kg