www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын соода министри Серик Жумангарин Астана эмнеге Ооганстан менен соода-экономикалык алакаларын өнүктүрүп жатканы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу "Информбюро" басылмасы кабарлады.

"Биз Ооганстан менен кызматташып жатабыз. Болгондо да соодабыз жакшы жүрүп, анын көлөмү 1 миллиард долларга жетти. Мисал катары айтсам, бул биздин Азербайжан, Түркмөнстан менен соодабыздан көп. Саясат саясаты менен, бирок экономика деген экономика. Биз Ооганстан менен соода кызматташтыгыбызды мындан ары да кеңейтебиз. Биз мындан да көбүрөөк буудай, ун, өсүмдүк майын жеткире алабыз. Анан эмнеге мындай мүмкүнчүлүктөн баш тартышыбыз керек? Жыйынтыгында бул биздин мамлекетке пайда алып келет", – деди Жумангарин.

Өткөн жумада казак Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ооганстандын Герат шаарында Казакстандын соода үйү ачылганын билдирген. Жумангарин Астана ал жакка өз өкүлүн дайындаганын, ал соода үйдүн ишин көзөмөлдөй турганын кошумчалады.

"Ооганстан чоң жана көп тармактуу өлкө. Анын базарын изилдеп, жергиликтүү ишкерлер менен таанышуу зарыл. Мен Астанага ооган бизнесмендерин чакырып, бизнес-форум өткөргүм келет. Алар Казакстанды көрүп, биздин мүмкүнчүлүктөр менен таанышсын. Акыркы жолу биз Кабулга азык-түлүк ташыган гана эмес, жер казынасы менен алектенген ишкерлерди да алып барганбыз. Анткени жер казынасы жагынан Ооганстан кыйла бай өлкө", – деди Жумангарин.

Буга чейин Серик Жумангарин Кабулда "Талибан" өкмөтүнүн вице-премьери Абдул-Гани Барадар менен жолугуп, экономикалык маселелерди талкуулаганы кабарланган. Анда талибдер мурдагы ооган өкмөтү пайдаланып келген Астанадагы Ооганстандын элчилигин берүүнү өтүнүшкөн.

17-апрелде казак ТИМи "Талибандын" бул өтүнүчүн канааттандырып, алардын "дипломаттарын" аккредитациядан өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирген. Ошол эле маалда мекеме бул чечим Казакстан "Талибан" өкмөтүн тааныды дегенди билдирбей турганын белгилеген.

"Талибан" кыймылы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө террористтик уюм деп табылган. Бирок Астана Ооганстандагы бийликти талибандар басып алгандан кийин бул өлкөгө расмий өкүлдөрүн жөнөтүп, Кабулдагы казак элчилиги өз ишин уланткан.

Казакстан Ооганстандын "Талибан" кыймылы түзгөн өкмөтүн тааныган эмес. Бирок президент Касым-Жомарт Токаев Астана "гуманитардык маселелерди чечүү үчүн" Ооганстандын жаңы бийлиги менен байланыш түзүүгө даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости