www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматынын аэропортунда кыргызстандыктарды текшерүү күчөгөнү тууралуу Кыргызстандын нотасы боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматынын жооптуу жетекчилери атайын кеңешме өткөргөн.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда Казакстандын Бишкектеги элчиси Карим Кокрекбаев билдиргенин министрлик кабарлады.

Казак элчиси ошондой эле кыргыз тарапка расмий Астананын жооп нотасын тапшырган, бирок анын мазмуну жарыяланган жок.

Казакстандын Бишкектеги элчиси Тышкы иштер министрлигине 4-сентябрда чакыртылган. Буга, министрлик билдиргендей, “Алматынын эл аралык аэропортунда Казакстандын компетенттүү органдарынын кыргызстандыктарды системалуу түрдө ашыкча текшерип жатканы” себеп болгон.

Ага дейре быйыл май айында да Кыргызстандын ТИМи Казакстанга нота жолдогон. Казак тарап анда текшерүүлөрдүн күчөшүн “эл аралык террордук топтордун мүчөлөрү менен аларга көмөктөшкөндөрдү” аныктоо иши менен байланыштырган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости