www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кезде чылпагын алам деп туруп, көздү кашайткысы келген “маалыматчылар” жайнап кетти. Болгондо да, бүтүндөй Ошту бандиттерге байырлатып салгысы келгендер бар. Тилекке, каршы алар атайын эле кызматтагы адамдарга асылганды жактырышат. Саман менен топонун кошо аралаштыра бергенине маашырлангандардын деле кемтиги болоруна далай күбө болгонбуз. Мындай карасаң соо адам калбагандай сезилет. Генерал Курсан Асановду, Чолпон Султанбекованы да бандиттердин уюгуна байлашкысы келет.

Ал эми ИИМдин министринин биринчи орун басары генерал Сүйүн Өмүрзаковду да жөн калтырбай, “кара боёк” сүртүүгө амалданышканына түштүктүн тургундарынын басымдуу бөлүгү макул эмес. Анын борборго кеткенине итапкан убакыт болду. Демек, Оштогу кылмыштык окуяга чаптоонун зарылдыгы деле жок. Спорттук клубдун балдары жасаган бейбаштыгына неге Өмүрзаковду күнөөлөшөт? Клубдун эмес бир үй-бүлөөнүн ичинде деле тентектер чыгып жатпайбы? Ал жакшы ниети менен спортчулардын машыгуусуна шарт түзүп бергени үчүн күнөөлүбү? Мунун өзү абсурд. Жаштардан мыкты спортчулар чыксын деген тилегин неге таш каптыргысы келишет? Нечендеген күчтүү спортчулар бөтөн жерде кыргыздын желегин бийик көтөрткөнүн деле билебиз да! Сүйүн мырза бандиттерди эмес, балбандарды өстүрүүгө маани бербеди беле?

Эмнеси болсо да алда качан Бишкекке келип жооптуу кызматын адилеттүү өтөп жаткан генералга асылуунун өзөгүндө көмүскө багыт бардай. Барган сайын министрликте аброю калыңдап кетип бараткан орун басарды этегинен ылдый тартууга эмне эле умтулуп жатышканы деле белгилүү. Биздин жашообузда жакшы ишти булгап турган көралбастык абдан өнүккөн. Бирок, адал иштердин башатында жүргөн генералга асылгандар тилегине жетпейт деп койсок туура келет. Эл деген калыс тараза, ак менен караны ылгоого акылы жетет.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости