www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан гидроэнергетика тармагындагы кызматташуу жана өз ара колдоо параметрлери боюнча макулдашышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алматы шаарында Казакстан Республикасынын энергетика министри Ерлан Аккенженовдун төрагалыгы алдында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын суу-энергетикалык ведомстволорунун жетекчилеринин жыйыны өттү.

Тараптар суу-энергетикалык кызматташуунун мындан аркы параметрлерин макулдашты. Токтогул суу сактагычындагы азыркы кыйын абалды эске алуу менен, өлкөлөр бири-бирин өз ара электр энергиясы менен колдоого жана келерки жылы вегетация мезгилине даярдыкты биргеликте координациялоону макулдашты.

Казакстан менен Өзбекстан күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга электр энергиясын берүү даярдыгын тастыкташты. Бул Кыргызстанга кышында суунун сарпталышын азайтып, Токтогул суу сактагычында көбүрөөк көлөмдө суу топтоого шарт түзөт. Топтолгон суу 2026-жылдагы вегетация учурунда Казакстан менен Өзбекстанга берилип, алардын түштүк аймактарындагы сугаруу иштерин туруктуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле региондо энергия керектөөнү азайтуу жана энергияны үнөмдөө боюнча биргелешкен чаралар кабыл алынды. 

Жыйынтыгында 2026-жылдагы кышкы электр энергиясын жеткирүү жана вегетация мезгили үчүн суу топтоо боюнча милдеттемелерди бекиткен үч тараптуу протоколга кол коюлду.

Последние новости