www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Республикасынын парламентинин жогорку палатасы — Сенат — ЛГБТны жана педофилияны пропагандалоого тыюу салган мыйзамды экинчи, акыркы окууда кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. 

Мыйзамга ылайык, ЛГБТ жана педофилияны пропагандалоо коомдук мейкиндикте, анын ичинде интернет-ресурстарда, массалык маалымат каражаттарында, адабиятта, көңүл ачуу чөйрөсүндө жана башка ишмердүүлүк түрлөрүндө тыюу салынат.

Сенатта бул өзгөртүүлөр жарандар тарабынан бир жарым жыл мурда демилгеленген петициянын негизинде киргизилгенин белгилешти. Петицияда ЛГБТны пропагандалоого мыйзамдык деңгээлде тыюу салуу талабы коюлган.

«Петициянын чечимин ишке ашыруу максатында массалык маалымат каражаттарын, адабиятты жана башка ишмердүүлүк түрлөрүн колдонуп, салттуу эмес жыныстык мамилелерди жана педофилияны пропагандалоого тыюу салган өзгөртүүлөр киргизилди», — деп билдирди Сенат.

Аталган тыюу «Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына архив иши жана мыйзамсыз контентти таратууну чектөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын алкагында кабыл алынды.

Последние новости