www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери жасалма документтерди даярдоо боюнча туруктуу каналдын бетин ачышты. Шектүү кармалды
2025-жылдын 18-декабрында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында 2023-жылдан бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген жасалма документтерди даярдоо боюнча туруктуу канал аныкталды.
Аталган канал мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, медициналык жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле юридикалык жактардын жасалма документтерин даярдоо менен алектенип келгени аныкталган. Бул документтер алдын ала даярдалган жасалма мөөрлөр менен күбөлөндүрүлүп, кийинчерээк жарандар тарабынан жеке максаттарда колдонулган.
Бул факты боюнча Чүй ОИИББы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 379-беренесинде (Документтердин жасалмасын жасоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан, 1990-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жарандын үйүндө, ошондой эле ага таандык унаадан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун 10 мөөрү жана 800дөн ашык жасалма документтер табылып, алынган.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык жаран Ч.Ж. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмыштуу ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы