www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-февралда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө Ислам Кызматташтык Уюму аркылуу Сирияга гуманитардык жардам жөнөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу «Zakon.kz» басылмасы жазып чыкты.

Азырынча Казакстан Сирияга кандай гуманитардык жардам жөнөтөрү тууралуу маалымат бериле элек.

Буга чейин, 8-февралда Сириянын саламаттыкты сактоо министри Хасан ал-Габаш дүйнө өлкөлөрүн Дамаскка жабдууларды жөнөтүүгө жана 6-февралдагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө чакырган.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев да Түркиянын Астанадагы элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырган. Ал ошондой эле Казакстан Түркиянын кырсык болгон аймактарына куткаруучулар менен дарыгерлерди дароо жөнөтүп жатканын, издөө-куткаруу иштерине катышуу үчүн боордош өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш аймагында күчү 7,9 баллга (алдын ала маалыматтар боюнча 7,4) жеткен жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 391ге, жаракат алгандардын саны 62 миң 914кө жетип, 8 миңден ашты. 2 Коңшу Сирияда каза болгондордун саны 3500гө жакындады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости