www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөсү катары Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка катышпайт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров 3-октябрдагы брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, ЖККУ өлкөлөрү бири-биринин чек арасын так аныкталган алкакта тааныйт. Аларга ЛЭР жана ДЭР деп аталгандар кирбейт.

«Казакстан мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү, алардын эгемендүү тең укуктуулугу жана эл аралык укукка жана БУУнун Уставына ылайык тынчтыкта ​​жанаша жашоо принциптеринен чыгат. Жалпысынан ЖККУнун жоопкерчилик зонасы Уюмга мүчө мамлекеттердин эл аралык таанылган аймактары менен так аныкталган жана ал аймактардын алкагында жамааттык коопсуздук камсыздалган. Ошентип, ЖККУнун орус-украин жаңжалынын зонасына катышуусу маселеси күн тартибинде жок», - деди Смадияров.

Ал ошондой эле Орусиянын аскер комиссариатына жаңылыш түрдө чакыруу кагазын алган казактарга эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.

«Албетте, маалымат базаларында айрым карама-каршылыктар бар. Эгерде адам, мисалы, Орусиянын аймагында болсо, жашоого уруксат алган болсо - бул жарандык эмес, ал өзүнүн документин аскер комиссариатына көрсөтсө болот же Казакстандын элчилигине кайрылса болот», - деп кошумчалады Смадияров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости