www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орол шаарында граната жардырам деп коркутуп, аялын алты саат бою кеңседен чыгарбай кармап турган адамга каршы «Барымтага алуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Батыш-Казакстан облустук полиция департаментинин маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматтарга караганда, кармалган адам 28-ноябрда аялын нотариус кеңсесинде барымтага алган. Ал бычагы бар экенин жана граната жардырарын айтып, учак жана ири суммада акча талап кылган. Алты сааттык сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ал барымтадагы аялды бошотуп, колго түшүп берген.
Полициянын маалыматына боюнча, кармалган адам жергиликтүү курал-жарак дүкөндөрүнөн сатып алган гранатанын муляжын колдонгон. Анын буга чейин соттолгону кабарланды.
Барымтада кармалып турган аял ооруканага жеткирилди. Анын сол буту бычактан жаракат алган.
Булак: NazarNews.kg