www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Жамбыл облусундагы аскердик кампадан чыккан өрттөн жана жарылуудан каза болгондордун саны тогуз кишиге жетти.

Белгилей кетсек, жума күнү эртең менен 28 киши ар кандай жаракат менен ооруканага түшүп, алардын алтоосунун абалы оор экени аныкталды. Облустук акимчиликтин басма сөз кызматы жалпысынан 66 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылганын билдирди.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматы боюнча окуя болгон жерден 171 киши убактылуу коопсуз жайга көчүрүлдү.

Эске салсак, 26-август күнү кечинде Жамбыл облусундагы аскердик кампалардын биринен өрт чыгып, анын кесепетинен ок-дарылар жарылган. Коргоо министрлиги өрттүн айынан алты жарылуу болгонун ырастады.

Интернетке тараган видеодо тараз менен Алматыны байланыштырган жолдун боюнда жарылуу болгону көрсөтүлгөн. Таразга жакын конуштардан миңден ашуун адам эвакуация болгону кабарланды.

Казакстандын Коргоо министрлиги кампада инженердик снаряддар гана сакталганын айтып, өрттүн өчпөй жаткан себебин мындай түшүндүрдү.

“Ок-дарылар сакталган кампада өчпөй жаткан өрттүн себеби анда сакталган тротилдин күйүшү менен байланыштуу. Кампадагы октор күйүп, анын кесепетинен жарылуулар болду”, – деп жазылган Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Президент Касым-Жомарт Токаев Twitter баракчасына жаракат алгандардын арасында отуздай аскер кызматкери жана куткаруу кызматынан өкүлдөрү бар экенин жазды. Ал аскердик кампада чыккан өрттүн себептери иликтенип жатканын билдирди.

Ал эми бул окуяга байланыштуу Казакстандын Коргоо министри Нурлан Ермекбаев аскердик кампадагы жарылуунун алдын алалбагандыгына байланыштуу кызматтан кетерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости