www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибан Ооганстанда музыкага тыюу салат

"Талибан"* Ооганстанда коомдук жайларда музыканын аткарылышына тыюу салганы жатат, анткени, бул исламдын негизги принциптерине каршы келет. Бул тууралуу The New York Times гезитине берген маегинде топтун расмий өкүлү Забихулла Муджахид билдирди.

"Исламда музыкага тыюу салынган", - деп түшүндүрдү ал, талибдер кысым көрсөтпөйт, тескерисинче, калкты андай иштерге барбайт деп ишендирет деген үмүтүн билдирди.

Афганистандагы бийлик алмашуу

Афганистандан америкалык аскер күчтөр чыгарылып жатканда "Талибан"* кыймылынын согушкерлери чабуулга өтүшкөн. Өлкөдөгү бир катар ири шаарларды басып алып, 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салган. Азыр мамлекетте башкаруунун кандай формасы болору талкууланып жаткан маал. Жаңы бийликке жакын маалымат булактардын РИА Новостиге билдиргенине караганда, бийликти 12 кишиден турган кеңеш башкарат.

Ал эми атасы Ахмад Шах Масуд мындан 20 жыл мурда террорчулардын колунан набыт болгон Ахмад Масуддун аскерлери жайгашкан Панжшер провинциясы талибдерге каршылык көрсөткөн жападан жалгыз очок болуп калууда.

Талибдер Афганистандын арбын бөлүгүн ээлегенден кийин АКШ аскерлеринин кайтаруусундагы Кабул аэропорту аркылуу чет элдиктер жана аларга көмөкчү болгон жергиликтүү тургундар да эвакуацияланып жаткан.

* – Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости