www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-октябрда Астана коомдук кеңешинин мүчөсү Салтанат Турсынбекова "Казак энелери – каада-салтка жол" коомдук бирикмесинин атынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү.

Салтанат Турсынбекова үй-бүлөлүк зордук-зомбулук маселелерин көтөрүп келет. Ал "Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуксуз Казакстан" долбоорун жетектеп, коомчулукка укук коргоочу катары да таанылган. Мындан тышкары мамлекеттик түзүмдөрдө, Жогорку сотто иштеп, башкы прокурордун өзгөчө тапшырмалар боюнча ага жардамчысы болгон.

Салтанат Турсынбекова – мөөнөтүнөн мурда жарыяланган президенттик шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн экинчи аял.

7-октябрда Адискөй социалдык жумушчулар улуттук альянсы Каракат Абдендин талапкерлигин президенттикке көрсөтүшкөн. 48 жаштагы Абден — экономист-маркетолог.

Казакстанда азыркы тапка чейин Касым-Жомарт Токаевди кошкондо президенттикке жалпысынан жети кишинин талапкерлиги көрсөтүлдү.

1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. Андан кийин Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол коюп, президенттик ыйгарым укуктардын мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартып, мамлекет башчынын экинчи мөөнөткө шайлануу укугун алып салган.

Айрым эксперттер Токаев бул шайлоо аркылуу өз позицияларын бекемдеп алууну көздөгөнүн айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости