www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын январь айынын башынан сентябрга чейин Кыргызстанга 192 258 орус жараны келген. Ал эми 1631 россиялык Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди.
Анын айтымында, азыр чет элдик жарандардын келүүсү көбөйүүдө. Өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөр бир топ төмөн болгон. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн Россия Федерациясынын 385 жараны документтерин тапшырып, алардын ичинен 226 адам жарандык алган. Ал эми быйыл 603 адам жарандык алды.
Жыл башынан бери Санариптик өнүктүрүү министрлиги чет өлкөлүк жарандарга 22 521 жеке идентификациялык номерлерди (ПИН) берген.
Сардарбеков белгилегендей, мындай жарандардын көбөйүшү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байкалууда.
Булак: NazarNews.kg