www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Базз Лайтер» мультфильмине Казакстанда тыюу салынды. Бул тууралуу Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаев билдирди.

Мындай чечим жарандардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын көптөгөн кайрылууларына ылайык кабыл алынганын айтты. Аталган анимациялык тасмасы Казакстанда көрсөтүлбөйт.

Буга чейин мультфильмдин чыгышына каршы интернет-петицияга 37 миңден ашуун адам кол койгон. Кайрылуу авторлору «бул мультфильмди биздин өлкөдө көрсөтүү туура эмес, анткени динибизде ЛГБТ чөйрөсүнө тиешелүү бардык этикеткалар катуу тыюу салынган» деп билдиришкен.

Кошумчалай кетсек, Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мультфильмдин республикага чыгышына каршы чыккан. Тыюу салууга эки кыздын – Базз Лайтердин жардамчысы менен анын өнөктөшүнүн бир жыныстуу өбүшүүсүн чагылдырылган көрүнүш себеп болгон.

Буга чейин мультфильмди Сауд Арабиясында жана Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүндө көрсөтүүгө тыюу салынган.

«Базз Лайтер» ойдон чыгарылган астронавт тууралуу көптөн күткөн мультфильм. 

Космонавт өзүнүн ишенимдүү досу робот мышык менен космос мейкиндигинде сүзүүгө жөнөйт. Миссия учурунда аларды укмуштуу окуялар жана көптөгөн татаал тоскоолдуктар күтүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости