www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын премьер-министринин орун басары – каржы министри Ерулан Жамаубаев "Каспий куур түйүнү консорциуму" деңиз терминалындагы авариянын чыгымы 100-150 миллиард теңге (218-327 миллион доллар) деп бааланып жатканын билдирди.
"Азыр чыгым 100-150 миллиард теңге деп бааланууда. Так канча экенин эсептеп чыгуу мүмкүн эмес. Анткени оңдоо иштери качан бүтөрү жана Орусияга каршы жаңы санкциялык чаралар болобу-жокпу белгисиз. Баары ушул нерселерге жараша болот. Эгер тез арада оңдолсо, анда чыгым кыйла аз болот", - деди Жамаубаев.
Өткөн жумада өлкөнүн энергетика министри Булат Акчулаков Bloomberg агенттигине берген маегинде "Каспий куур түйүнү консорциуму" деңиз терминалы ушул айдын соңуна чейин толук калыбына келтирилет деп күтүп жатканын, ошол эле маалда Батыш санкцияларынын ыктымал таасирине жана чийки мунайды жеткирүүдөгү маселелерге тынчсыздануу бар экенин айткан. Мындан тышкары министр аталган мунай өткөрүү системасы мунайды Европага негизги жеткирүүчү болуп эсептелгендиктен, Орусияга каршы санкцияларга байланыштуу ал эч кандай чектөөсүз иштөөгө мүмкүндүк берген өзгөчө макамга муктаж экенин кошумчалаган.
Өткөн айда "Каспий куур түйүнү консорциуму" катуу шамалдан улам Новороссийский алдындагы деңиз терминалындагы жабдуулардын шлангдары жарактан чыкканын кабарлаган. Анда Казакстандан мунай жеткирүүнүн көлөмү жарымына чейин кыскарышы ыктымал экени айтылган.
"Каспий куур түйүнү консорциуму" аркылуу дүйнөлүк рынокко суткасына 1,2 миллион баррель мунай чыгарылат, бул дүйнөлүк жеткирүүнүн 1,2 пайызын түзөт. Казакстандан чыккан мунайды Chevron, Exxon Mobil, Eni жана Shell компаниялары өндүрөт.
Талдоочулар "Каспий куур түйүнү консорциумунун" терминалындагы авариядан улам мунай экспорту азайып, Казакстандын экономикасы үчүн кезектеги каатчылык болот деп болжолдошкон. Бирок өлкөнүн Энергетика министрлиги мунай экспортунун азайышы өлкө үчүн "анча оор болбой турганын" билдирген.
Булак: NazarNews.kg