www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уятын жоготкондорду көрдүм. Бирок, уят издегендерди бир да жолу көрө элекмин.

(Дмитрий Калинин)

Уят – бул пляжда ажаткана издөө.

(Ашот Наданян)

Эгер адам өзүнүн кемчиликтерин айтып мактанса, бул эчтеке эмес. Кылган жакшы иштерин айтып мактана баштаса, ошол жаман.

(Гилберт Честерон)

Өтө бүгүлүп, жүгүнгөн киши бел кырчоодон ылдый урганга жөндөмдүү.

(Александр Кумор)

Абийир маселесинде көпчүлүк мыйзамы иштебейт.

(Мохандас Карамчанд Ганди)

Кыянаттыкты жактырам. Бирок, кыянатчыларды кыртышым сүйбөйт.

(Гай Юлий Цезарь)

Абийир – жакшы адамдын ички соту.

(Аристотель)

Жаман кишини уятына келтириш үчүн жаакка чабыш керек.

(Аристотель)

Кадыр-баркка караганда, абийирге көбүрөөк кам көрүү зарыл.

(Публилий Сир)

Жүрөктөгү такка караганда, беттеги кызыл боёк жакшы.

(Мигель де Сервантес Сааведра)

Анын абийири таза. Бир да жолу колдонулган эмес.

Станислав Ежи Лец Уят кайненең сыяктуу: үйүңө чакыртпай келип калат.

(Генри Луис Менкен)

Итти бүргө гана чагат. Ал эми жаман адамды болсо ит да, бүргө да, уяты да талайт.

(Рышард Подлевский)

Абийирдин үнү эч качан хорго кошулуп ырдабайт. (Казимеж Сломиньский) Уятың жок экен, сага дагы эмне керек?

(Виктор Жемчужников)

Мамлекеттин кызыкчылыгы талап кылса да эч качан абийириңе каршы иш кылба.

(Альберт Эйнштейн)

Абийирдин айтканы менен жашоо – машинаны тормозду тээп айдагандай эле кеп.

(Бадд Шулберг)

Ушактан баары коркот, уятынан аз эле киши коркот.

(Плиний Младший)

Уят – бул адамдардан коркуу, абийир – бул Кудайдан коркуу.

(Сэмюэл Джонсон)

Абийир канчалык таза болсо, анын тегереги ошончолук булганыч болот.

(Гарри Симанович)

Уяттан өлгөндөн көрө ачкадан өлгөн жакшы.

(Софи Арну)

Кээ бир кишилер өзү эрте ойгонуп, уяты кечирээк ойгонот.

(Эдуард Александрович Севрус (Ворохов) Абийир таалим-тарбия көргөн айым сыяктуу – сөзүн укпагандар менен бат эле сүйлөшпөй коёт.

(Сэмюэл Батлер) Уятым мени көптөн бери кыйнай элек. Боору ооруп кетти окшойт.

(Михаил Генин) Сенде уят деген нерсе барбы, деги? Сатам, аласыңбы?

(Фёдор Радецкий)

Уят ар бир эле адамда бар, бирок баары эле аны пайдалана беришпейт.

(Татьяна Егоровна Соловова) Уятыбызды жоготуу менен биз өзүбүздү да жоготобуз.

(Фёдор Радецкий)

Уят – дененин душманы.

(Татьяна Егоровна Соловова)

Боор – аракечтин уяты.

(Сергей Федин)

Абийириң сени кыйнап, кажып турбаса, ачкадан өлөт.

(Белгисиз автор)

Булак: Азия News гезити

Последние новости