www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда ракка каршы дары табылды

Казакстанда жергиликтүү адистер рак илдетине каршы иштеп чыккан дарынын кезектеги, экинчи клиникалык сыноосу башталганын бүгүн 16-июлда «Азаттыктын» казак кызматы илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбекке таянып билдирди.

Министрдин айтымында, онкологияга каршы терапия үчүн Казакстандын өзүндө даярдалган препарат адамдарга жасалган клиникалык сыноонун биринчи стадиясынан ийгиликтүү өткөн. Ага онкологиялык илдетке чалдыккан 15 бейтап катышкан.

Клиникалык сыноонун биринчи этабына оорунун эң агрессивдүү түрлөрүнүн бири болгон жоон ичеги рагынын 4-стадиясындагы бейтаптар ыктыярчы катары катышкан. Дары өз натыйжалуулугун көрсөтө алган. Өсмө шишик орто эсеп менен 30 пайыз кичирейгени маалымдалган.

Тестирлөөнүн экинчи этабы 1-июлда башталды. Министрдин айтымында, бул жолу клиникалык сыноого Астана, Алматы жана Павлодар шаарларында үч миңдей адам катышат.

Экинчи этапта адистер дарынын таасирин рактын ар кандай түрү менен ооруган адамдар аркылуу сынап көрүшөт.

Бардыгы болуп сыноого катышуу ниетин 5 миңден ашуун бейтап билдиргени, экинчи этапка Жогорку илим-техника комиссиясынын чечими менен 2 миллиард теңгедей акча бөлүнүп берилери, дарыны расмий каттоого алуу иши келерки жылы башталары маалымдалды.

Назарбаев Университетинин окумуштуулар командасы рактын KRAS-мутант түрлөрүнө каршы клиникалык изилдөө жүргүзүп жатканы быйыл январь айында кабарланган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости