www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө өндүрүлгөн эт, сүт жана жумуртканын көлөмү өстү

Өлкөдө жыл башынан бери 95,8 миң тонна эт өндүрүлүп, былтыр ушул мезгилге салыштырмалуу 563 тоннага көп болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул малдын көбөйүшү менен байланыштуу. 2023-жылдын аягына карата өлкөдө уй 18,8 миңге, кой жана эчки 15, миңге, жылкы 8,5 миң башка жана канаттуулар 620 миңге көбөйгөн.

"Алты ай ичинде республикада 148 миллион жумуртка өндүрүлдү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 13,4 миллионго көбүрөк. Акыркы учурларда республиканын бардык облустарында жумуртка өндүрүү көбөйүүдө", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле январь-март айында республикада 2,8 миллион тонна сүт өндүрүлүп, бул өткөн жылга караганда 5 408 тоннага көп экени айтылды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости