www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук банкы дерублизация жараянын ишке киргизди. Ага ылайык, 15-июлдан тартып экинчи деңгээлдеги банктарга 31-августка чейин өлкөдөн рубль чыгарып кетүүгө уруксат берилди.

Мындай артыкчылык орус валютасына гана берилди: 10 миң доллардан ашык экиваленттеги калган чет өлкөлүк валюталарды өлкөдөн алып чыгууга мурдагыдай эле болбойт. Токтомдун долбоорунда рубль түрүндөгү акча массасы рыноктогу суроо-талаптан жогору экени айтылган.

Орусия – Казакстандын башкы соода өнөктөшү. Былтыр республика Орусиядан 18,5 млрд долларга товар сатып алып, операциялардын 63% рубль менен жүргүзүлгөн. Москва санкцияга кабылгандан кийин орус импортунун үлүшү кыскарган жана соода жүгүртүүдө колдонулган рубль керексиз болуп калган.

Рубль массасынын ашыкча экенин Улуттук банктын күнүмдүк эсепке жана депозитке орус валютасын кабыл алууда комиссия киргизгени да тастыктап турат. Каржы мекемелеринде төлөм ар түрдүү: эң эле чоң ченди "ЦентрКредит" банкы койгон – 20%. Алар бул чечимин санкциялар менен түшүндүрдү.

Комиссия киргизүү менен банктар биржадагы жана накталай курстагы айырмадан пайда тапкысы келгендерден өзүн коргоого аракет жасоодо. Орус валютасы биржалык фонддорго караганда акча алмаштыруу жайларында арзан. Буга байланыштуу чайкоочулук жаралышы мүмкүн.

Орусия Украинага кол салгандан кийин санкциялар киргизилип, рубль эркин конвертациялаган валюта болбой калса да, бардык валюталарга карата позициясын бекемдеген. Көптөгөн эксперттер рублдун куну азыр эң жогорку чегинде экенин, мындан кийин арзандай баштарын божомолдошууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости