www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мугалимдерин сындап, кийин кечирим сурап тамаша экенин билдирген окуучуну депутат Аида Исатбек кызы колдоду. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасына анын "оозун жаап коюшту" деп жазган.

"Чириген система, алган билиминин сапаты, мугалимдик курамдын сапаты тууралуу чындыкты айта алган жалгыз окуучу бүгүн унчукпай калды. Ачыгын айтканда, анын "оозун жаап коюшту". Бирок жигиттин оозунан чыккан чындык эч кимди тынч уктатпайт.

Анын сөзүндө эч кандай тамаша жок! Реформаны, өзгөрүүнү кааласак, аны өзүбүздөн – чоңдордон башташ керек.

Депутаттар жаштар менен, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жалпыга маалымдоо каражаттары менен чогуу мектептерге барышы керек, ошондо коомчулукта объективдүү пикир пайда болот деп ойлойм.

Мектептердеги абалды баары билет – бир жактуу баа берүү, педагогикалык кадрларды даярдоонун начардыгы, талкаланган материалдык-техникалык база, кадыр-баркын жоготкон мугалимдик кесип...

Ошондон улам бардык бийлик өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү барлар өз балдарын жеке менчик мектептерге, чет өлкөдөгү окуу жайларга жиберип жаткан жокпу?", - деп суроо салды депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости