www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы Түркстан облусунда жайгашкан Шардара ГЭСине (Сырдарыя) топтолгон сууга байланыштуу жергиликтүү тургундар тынчсыздана баштады. Бул маалыматты 9-январда Казакстандын Экология министрлигинин басма сөз кызматы тараткан.

Расмий маалыматта резервуардагы суунун деңгээлинин жогорулашы 2022-жылдын октябрынан декабрына чейин Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычынан агып барган суунун көбөйүшү менен байланыштуу экени айтылат.

Декабрь айында Шардара суу сактагычына куюлган суунун деңгээли 880 м³/сек деп эсептелсе, факт түрүндө 1400 м³/сек. жеткен.

10-январга карата Шардара суу сактагычындагы суунун көлөмү 4070 млн м³ болуп, долбоордогу көлөмдөн 78 пайызга ашкан. Ошондой эле былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1683 млн м³ жогору. Коопсуздукту сактоо чаралары көрүлүп жатат.

Октябрь айынан тарта 13-январга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун чыгашасы 3,05 млрд м³ болгонун «Электр станциялары» ААК жарыялаган. Бул 2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине салыштырмалуу 19,5% жогору.

Катуу суукка байланыштуу 2023-жылы 13-январда суу сактагычтан агып чыккан суунун көлөмү тарыхый максимумду жаңылап, секундасына 881 м³ болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости