www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 13-январга караган түнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшүнө байланыштуу издөөгө алынган жарандардын бири милицияга өз ыктыяры менен келип, көрсөтмө бергенден кийин кое берилди. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган окуя боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында "Женго" каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досонов 13-мартка чейин камакка алынган. Ал эми калган кармалгандар Эламан Коргонбай уулу, Акылбек Раимберди уулу, Курсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаковдун бөгөт чарасы бүгүн каралат.

Ошондой эле, маалыматта издөөгө алынгандардын бири — Актилек Абдивали уулу милицияга өз ыктыяры менен келип, милицияга көрсөтмө берип, окуя болгон учурда башка жакта болгонун билдирген. Анын көрсөтмөлөрү дагы текшерилет. Ал камакка алынган жок, - деп айтылат билдирүүдө. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости