www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абай районундагы токой өртү боюнча “Семей Орманы” резерватынын жана Новошульбинск филиалынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди.
Кылмышка шектүүлөр "жашы жана ден соолугунун эске алуу менен" үй камагына чыгарылды.
Алардын иши “Байкабастан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу” беренеси боюнча тергелүүдө. Бул арада атайылап өрттөө, бузулган жабдууларды колдонуу, чагылган жана башка өрттүн мүмкүн болгон бардык версиялары каралууда.
Абай облусундагы өрт 15 адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын 14ү “Семей Орманы” ишканасынын кызматкери, бири жергиликтүү тракторист болгон.
Июнь айынын ортосунда тутанган өрттүн жалпы аянты 60 миң гектарды түзгөн. Он миңдеген гектар токой күйүп кетти. Каза болгон токойчулардын жакындары алар өрттү өчүрүүгө керектүү техникасы жок жөнөтүлгөнүн айтышты.
Адам өмүрүн алган ири масштабдагы өрттөн кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильинди кызматтан алды. Кийинчерээк бийлик Абай облусундагы өрткө байланыштуу Ильинге карата тергөө иштери башталганын билдирген. Башкы прокуратура Ильин, ошондой эле экология министри Зульфия Сулейменова жана облустун акими Абай Нурлан Уранхаев аймактагы өрт боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суракка алынарын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg