www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабияда бийликтен уруксатсыз ажылыкка барууга аракет кылган 17 миңден ашуун адам кармалды. Бул тууралуу Саудиянын маалымат агенттиги коомдук коопсуздук кызматынын башчысына шилтеме берүү менен билдирди.

Мусулмандар үчүн ыйык жерлерге ажылык зыяраты Мекке жана Медина аймактарында өткөн жумада өттү. Бийликтин маалыматы боюнча, ажылык сапарга эки миллиондон ашык адам катышты. Мындай сан пандемия башталгандан бери биринчи жолу катталды.

Ошол эле учурда 17 615 адам мыйзамдуу уруксаты жок эле ажылыкка барууга аракет кылган. Анын ичинен тогуз миң 509 адам жашоо, иштөө жана чек ара коопсуздук эрежелерин бузган. Мындан тышкары зыяратчыларды мыйзамсыз ташып жүргөн 33 адам кармалганын падышалыктын коомдук коопсуздук кызматынын директору Мухаммад аль-Бассами билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости