www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 80 тонна уйдун майын аныкташкан.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, токтотулган жүк ташуучу унаалардагы жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, техникалык регламентине ылайык келбегендиги аныкталган. Натыйжада инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы Казакстандан Кыргызстандга 20 тонна өлчөмүндө уйдун майы мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталып, жүк артка кайтарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости