www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргызстандын "Электр станциялары" ишканасы менен казакстандык Orient Trade Investment компаниясы Нарын дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча меморандумга кол койду.

Тараптар Нарын дарыясына төрт ГЭСтен турган Казарман каскадын курууну макулдашкан (Алабуга ГЭС, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭС), деп билдирет "Электрические станции". 

Курулуш иштеринин сметалык баасы 1 миллиард доллардан ашары айтылууда.

Курулуш иштерин 5-6 жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Каскаддын жалпы кубаттуулугу 1160 МВт түзөт.

Казакстандык компаниянын жетекчиси Расул Теймуров маанилүү долбоорду биргеликте ишке ашырууга даярдыгын билдирген. 

Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев бул долбоор «эки өлкөгө аймактагы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет» деп белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости