www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маймыл чечеги Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) бардык 50 штатында катталды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Жалпысынан өлкөдө 15 миң 433 учур аныкталган. Оору акыркы болуп Вайоминг штатында катталды.
“Маймыл чечегинин биринчи учуру Вайоминг штатынын Ларами округунун тургунунан катталган. Вирусту жуктургандардын саны боюнча биринчи орунда Нью-Йорк жана Калифорния штаттары турат. Нью-Йорк штатында 2 миң 910 адамдан, ал эми Калифорния штатында 2 миң 663 адамдан аныкталган. Ошол эле учурда 10 штатта инфекция жуктургандардын саны 10дон ашпайт”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg