www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-октябрда Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирүү таратып, жарандарды жакынкы күндөрү "мыйзамсыз митингдерге" чыкпоого чакырды.

"Социалдык түйүндөрдө 24-25-октябрь күндөрү борбордук аянттардагы уруксат берилген митингдерге чыгууга чакырган жалган жана чагымчыл билдирүүлөр тарап жатат. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Башкы прокуратура жарандарды "мыйзамдын нормаларын так сактоого, чагымчыл аракеттерге алдырбоого, мыйзамсыз акцияларды уюштурбоого, аларга катышпоого жана түрдүү чакырыктарды жасоодон алыс болууга" чакырды.

"Укук коргоо органдары кандай гана тиртип бузуу болбосун баарына бөгөт коёт жана күнөөлүүлөргө карата мыйзамда каралган бардык чараларды көрөт", – деп жазылган билдирүүдө.

21-октябрда Алматы акимчилиги каттоодон өтпөгөн "Алга, Казакстан" партиясынын мүчөсү, жарандык активист Бибигүл Имангалиеванын 25-октябрда митинг өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчүн четке каккан. Акимчиликтин жообунда ал күнү активист акция өткөрүүнү пландаган Чокан Валиханов атындагы сейил бак бош болбой турганы, ал жакта "маданий иш-чара" өтөрү жазылган.

12-октябрда Конаев шаардык соту "Не дейді" youtube-каналынын автору, журналист Думан Музаметкаримди 15 суткага камакка алган. Ал тынч жыйындарды өткөрүү тууралуу мыйзамды бузган деп айыпталган. Ага чейин журналист 25-октябрда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого каршы митингге чыга турганын айткан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигинен 2020-жылы кабыл алынган "Тынч жыйындар тууралуу" мыйзамды кайрадан карып чыгууну жана жарандардын өз пикирин эркин билдирүүсүн чектебөөнү талап кылып келет. Астана аталган мыйзам "эл аралык талаптарга жооп берерин" билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости