www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкек шаарында чек ара боюнча түзүлгөн баардык келишимдерди ошондой эле Кемпир-Абад тууралуу документтердин ачыкталуусун талап кылган жөө жүрүш өтүп жатат.
Чогулгандар темир жол бекетинен тарта Өкмөт үйүнүн жанына чейин басып келишмекчи.
Белгилей кетсек, 22-октябрда «Кемпир-Абадды» коргоо комитети түзүлүп анын курамына бир катар саясатчылар, ЖК депутаттары жана активисттер кирген.
23-октябрда комитеттин айрым мүчөлүнүн үйлөрү тинтүүгө алынып, ондон ашык саясатчылар менен жарандык активисттер 48 саатка камалды.
Ички иштер министрлиги бул боюнча маалымат таратып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.