www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын энергетика системасы 14-августта убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өттү.

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, саат 15:34тө Казакстандын энергетикалык системасынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн бириктирген жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясындагы тышкы өчүрүүдөн улам Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасы обочолонгон энергетикалык түйүнгө бөлүнгөн.

Жабдууларды сактап калуу максатында автоматика белгиленген тартипте иштеп, Кыргызстандын энергетикалык системасы убактылуу обочолонгон режимге өткөн.

Учурда кырдаал энергетиктердин көзөмөлүндө. Адистер энергетикалык системанын иштөө режимин турукташтыруу жана электр менен камсыздоонун кадимки схемасын калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүп жатышат.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда электр энергиясы өчүрүлгөн абоненттер жок.

Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө.

Электр энергиясында болгон кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөрдүн себептери тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.

Последние новости