www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын жеңил атлетика федерациясы Ысык-Көл районунун Булаң-Сөгөттү айылында жол кырсыгынан каза болгон машыктыруучу тууралуу үн катты. Федерациянын маалыматы боюнча, Жузгенбаев Мурат Туабаевич СССРдин спорт чебери, жогорку квалификациялык деңгээлдеги машыктыруучу болгон.

"Ал төрт Олимп оюндарынын катышуучуларын жана спорт чеберлерин, Казакстандын көптөгөн чемпиондорун даярдаган", - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле, федерация машыктыруучу 3-июлдан 20-июлга чейин Чолпон-Атага машыгуу сборуна жөнөтүлгөнүн билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 16-июлда, Булаң-Сөгөттү айылына жакын жерде Lexus RX 300 унаасынын айдоочусу казакстандык спортчуну өлтүрө коюп кеткендиги кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости