www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ош облусундагы селдин кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго көңүл айтты. Анын билдирүүсү Акорданын сайтына жарыяланды.

“Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ошондой эле жаракат алгандардын тезирээк айыгып кетишине тилектешмин. Казакстан ынак коңшу жана өз ара колдоонун духунда жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен аймактарга гуманитардык жардам жөнөттү. Зарыл болсо боордош Кыргызстанга мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даярбыз”, – деп келтирилет Касым-Жомарт Токаевдин сөзү.

Казакстан селден жабыркагандар үчүн атаган гуманитардык жардам 1-июлга караган түнү Ошко келип түшкөн. Аны алып келген атайын учак Ноокат районундагы селден каза болгон казакстандык төрт баланын сөөгүн Казакстандын Өскемен шаарына алып кеткен.

28-июнда Ноокатта жүргөн селден он адам набыт болгон. Алардын ичинде төрт – эки эркек бала жана эки кыз Казакстанда туулган. Маалыматтарга ылайык, алар апасы менен чогуу Ноокатка тага журтуна конокко келишкен.

28-июнда катуу жааган жамгырдан улам Ош облусунун Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Райондо сел онго жакын кишинин өмүрүн алды.

30-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда автоунаа селге агып, бир үй-бүлөнүн төрт мүчсү – атасы, апасы жана эки уулу набыт болду.

Өткөн аптада Баткен облусундагы Кадамжай районунда беш жашар бала селге агып каза тапкан. Жалал-Абаддын Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип келген.

Последние новости