www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовго өкүм чыгып, сот аны 18 жылга эркинен ажыратты. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыкты. 

Астананын кылмыш иштери боюнча адистешкен район аралык соту Масимовго (Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы), Ануар Садыкуловго, Даулет Ергожинге, Марат Осиповго (Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасынын орун басарлары) алардын катышуусунда өкүм чыгарды. Иш "өзгөчө жашыруун" белгиси менен каралган.

Тергөө таккан күнөө

Масимов менен Садыкулов "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен күнөөлөнгөн.

Соттун чечими

Масимовдун мүлкү конфискацияланып, өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылып, 18 жылга кесилди. 

Ал эми орун басары Садыкуловго 16 жыл абакта отуруу чечими кабыл алынып, мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды.

Ергожинге сот 15 жыл берип, аны да мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан.

Осипов үч жылга кесилип, мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылган.

Масимов, Садыкулов, Ергожин жана Осипов төртөө тең генералдык наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

Мамлекеттин пайдасына 10 миллиарддан ашык теңге жана 24 миллион доллардан ашык каражатты өндүрүү каралган. Бул жалпысынан 46 млн. долларга чамалап барды.

Агенттик өкүм азырынча күчүнө кире электигин жазды.

Эскерте кетсек, былтыр жыл жаңырары менен Казакстанда башаламандык болуп, коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сурагандыктан тынчтыкты орнотуучу күчтөр жиберилген. Миссияга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскерлери катышкан.

Бул окуя боюнча бир нече адамга күнөө тагылган.

Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов жана анын орун басары Ануар Садыкулов мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алуу аракеттери, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча сот жообуна тартылып жатканы кабарланган.

Мындан тышкары, комитет төрагасынын мурдагы орун басары Ергожинге, Осиповго жана комитеттин бөлүмдөрүнүн айрым башчыларына айып тагылганын кошумчалаган.

58 жаштагы Карим Масимов Казакстандын өкмөтүн эки ирет башкарып, 2016-жылдан бери УККны жетектеп келген. Аны бийлик 6-январда кармаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости