www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында дүйнөдөгү кырдаал жана Украина кризиси тууралуу билдирүү жасады. РИА Новости Лавровдун билдирүүсүнүн урунттуу учурларын жарыялады.

АКШ көп жылдар бою бүткүл адамзаттын эң жогорку жыргалчылыгы катары кабыл алынган глобализацияны кыйроого учуратты;

Батыш өзүн татыктуу алып жүрүүгө жана дүйнөлүк коомчулуктун башка мүчөлөрүн урматтоого тийиш;

Азыр АКШнын жана анын союздаштарынын негизги күчү Азия - Тынч океан чөлкөмүндөгү көп тараптуулукту бузуу үчүн жумшалып жатат;

Бүгүнкү күндө БУУ да, анын жоболорунун талаптары да АКШнын глобалдык амбициясына коркунуч туудурууда.

Киевдин нацисттик режимин 2014-жылдагы төңкөрүштү кабыл алуудан баш тарткан аймактардын тургундары катары кароого болбойт;

Украина маселесин геосаясий контексттен бөлүп кароо мүмкүн эмес.

Апрелде Россия Коопсуздук кеңешке төрагалык кылат. Лавров бүгүн, эртең БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде жыйындарга катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости