www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн кампаларынын биринин жанында өрт тууралуу пикирин твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
--Жамбыл облусуна коргоо, өзгөчө кырдаалдар министрлери жана ички иштер министринин орун басарлары барышты. Жакынкы айылдардын тургундарын эвакуациялоо чечими кабыл алынды. Облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын 30га жакын кызматкери жана аскерлери жаракат алышты, - дейт Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Эске сала кетсек, бүгүн 26-августта Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктө кампанын жанында саат 19:00 чамасында өрт чыккан. Бөлүм Тараздан 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. Өрттүн кесепетинен белгисиз объекттер жарылган.
Айрым маалыматтарга таянсак жарадар болгон аскерлердин көптүгү айтылууда. Агенттиктин маалыматы боюнча, окуя болгон жерге Коргоо министрлигинин министрдин орун басары генерал-лейтенант Руслан Шпекбаев жетектеген комиссиясы жөнөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg