www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 25-августа тааныштардын чакыруусу аркалуу бир маанилүү жыйынга катышып келдим. Өлкөбүздүн көптөгөн булуң бурчунан келген улуу муундун өкүлдөрү кезектешип сөз сүйлөшүп, учурдун көйгөй кести маселелерине токтолушту.
Негизги ой чабыттар күндөн-күнгө курчуган - чечилбеген чекара ыр-чыры, Ооганстанда талибандар бийликке келиши менен Бишкекти айалдын ак көйнөктөрүн кийген сакалчандар жайнап, жайбаракат өз жериндегидей ээн-эркин, каалагандай көчөлөрдө соода борборлорунда, ашканаларда жайнашып, бири дагы беткап тагынбай жүргөндөргө жыйындын катышуучулары тынчызданышты. Күйүүчү майдын баасы алтымыш сомдон ашып, ага карата тамак аштын баалары да асмандап, аркандай оорулар элди жабыркатып, өлүм-житим көбөйгөнү жана башка оорчундуу түйшөлткөн көйгөйлөргө чогулгандар өзгөчө маани беришти...
Ошол себептен, элдин үнү, арзы-муңу бийлик башына жетпей, бийлик төбөлдөрү дагы калың каратаман калктын катмарындагы маселелерге анчейин көңүл бөлүшпөй, жемкорлук азаймак турсун күч алгандарына байланыштуу, жыйынга чогулган атуу-баштуу, коомчулукка белгилүү абройлуу инсандар сунуш киргизишти: Конституциянын беренелерине ылайыкталган Элдик Курултайды жандандырып, ошол улук Элдик Жыйында канткенде мамлекетибиздин келечегин сактап калабыз? – деген маселени ойдун борборунда болду.
Ал үчүн, жумурай журттун ой-тилек мүдөөсүн Өлкө президентине жеткизип, анын жазап жаткан жана алдыга койгон иш-аракеттерине көмөктөшүп, биргелешип атказуу жолдорун көздөштү чогулгандар. Жыйнтыгында, ар тармакта иштешкен терээң тажрыйба топтогон белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин сунушу менен Элдик Курултай институттун баш мыйзамга тайанып, аны Минюсттан каттодон өткөзүү үчүн Чечим кабыл алышты.
Ал, өтө маанилүү ишти жетектеп алып баруу үчүн, таанымал илимпоз окумуштуу, профессор жана экс депутат, экс министр Каныбек Осмоналиевди Төрага кылып шайлашып, ага жардам берүүгө жети адамдан турган Жумушчу топ дагы дайындалды.
Жыйындын алдында физика-математика илимдин доктору Каныбек Осмоналиевдин - даректүү далилдүү, данектүү жана дараметтүү “Менин өмүрүм жана көз карашым” – аттуу жаңыдан жарык көргөн китебинин бет ачаары болду. Колума тийгенден бери ушул китепке арбалып, тамшанып окуп чыктым. Эми бул китеп боюнча сөз алдыда...
Эркин журналист публицист - Мелис Арып-Бек
Булак: NazarNews.kg