www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскердик бөлүктө жалындаган өрт уланып снаряддар атылып жатканын кабарлашууда. Жамбыл облусунун Байзак районунун Үшбұлақ (120 түтүн), Қайнар (85 түтүн) жана Жібек жолы (500 түтүн) айылдарындагы эл эвакуацияланып коопсуз аймактарга чыгарылууда. 60 тан ашык адам жабыр тартканы айтылууда. Бул тууралуу маалыматты Асейин Саралаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Жамбыл облусундагы аскердик бөлүктө болгон жардыруудан жабыркагандардын саны 60ка жетти. Алардын 11и аскер кызматчылары. Бул тууралуу мэриянын расмий билдирүүсүндө айтылды.
Эске салсак, бүгүн кечинде Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн кампаларынын биринин жанында өрт чыккан. Бул бөлүм Тараздан болжол менен 18 км алыстыкта жайгашкан. Өрттүн кесепетинен белгисиз нерселер жарылган.
Жогорку маалымат тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн кампаларынын биринин жанында өрт тууралуу пикирин твиттердеги баракчасына билдирүү жасады.
Булак: NazarNews.kg