www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өрттүн кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Куткаруучулар, аскер кызматкерлери, дарыгерлер жана бардык тартылган адамдар жигердүү иштеп жатышат. Тилекке каршы, жабыркагандардын саны өсүүдө. Бирок бардык кырдаал көзөмөлдө. Тараздын жана айылдардын тургундарынан сабырдуу жана этият болууну суранабыз”, - деп билдирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Жамбыл облусундагы аскердик бөлүктө болгон жардыруудан жабыркагандардын саны 60ка жетти. Алардын 11и аскер кызматчылары. Бул тууралуу мэриянын расмий билдирүүсүндө айтылды.

Эске салсак, бүгүн кечинде Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн кампаларынын биринин жанында өрт чыгып, жарылган. Бул бөлүм Тараздан болжол менен 18 км алыстыкта ​​жайгашкан. Өрттүн кесепетинен белгисиз нерселер жарылган.

Президент Касым-Жомарт Токаев Твиттердеги баракчасында Жамбыл облусундагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди. "Өрттүн кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб иштеп жатат. Кылмыш иши козголду. Коргоо, Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтеринин кызматкерлери мобилизацияланды. Темир жол байланышы токтотулду", - деп маалымдады президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости