www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер Ооганстандын улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла менен мурдагы президент Хамид Карзайдын жансакчыларын куралдарын тартып алышты. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Анын булагы билдиргендей, жансакчыларынын куралдарынан кийин алардын унаалары да алынган. 25-августта Хамид Карзай менен Абдулла Абдулланын үйү тинтүүгө алынган.

Натыйжада бийликти тынчтык жолу менен мурдагы өкмөттөн талиптерге өткөрүп берүү боюнча Координациялык кеңештин эки мүчөсү тең корголбой калды. CNN телеканалы билдиргендей, Карзай менен Абдулла үй камагына алынды. 

Эске сала кетсек, ушул жылдын май айында АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөр Ооганстандан чыга баштаганда, талиптер өкмөттүн көзөмөлүндөгү аймактарды басып ала баштады. Август айына чейин талибдер ири шаарларга карай жөө жүрүшкө чыгышкан.

Андан көп өтпөй, 15-августта талибдер Кабулду басып алышкан. Президент Ашраф Гани отставкага кетерин жарыялап, өлкөдөн чыгып кетти. Бийликти талиптерге өткөрүп берүүнү камсыздоо үчүн Координациялык кеңеш түзүлүп, анын курамына Абдулла Абдулла жана Хамид Карзай кирген.

19-августта кыймыл расмий билдирүү таратып, өлкөдө Ислам эмиратынын түзүлгөндүгүн жарыялаган. Талибандын өкүлү Вахидулла Хашеми кыймыл Ооганстанда демократиялык мамлекет курбайт деп билдирди.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости