www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Кабулдагы жарылуу боюнча тынчсызданганын билдирди.

“Мен Кабулдун аэропортундагы абалды өтө тынчсыздануу менен байкап жатам жана бүгүнкү коркунучтуу террордук чабуулду катуу айыптайм. Бул окуя Ооганстандын туруксуздугун көрсөтүп турат, бирок биз ооган элине чукул жардам көрсөтүүнү  улантабыз” – дейт Гутерриш.

Эске сала кетсек, Кабулда эки жардыруу катталды. Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, 40 адам каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алган.

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/vP/m_HUWszh57xPwcnFj7Emmfpxn5nGVMoG.jpg

Белгилей кетсек, талиптер НАТОго ИШИМ Кабул аэропортуна кол салышы мүмкүн деген маалыматты жөнөткөн. Кыймылдын басма сөз катчысы Забихулла Муджахид коркунуч "кичинекей жана бүдөмүк" экенин айтты. Бирок, ал талиптердин атын каралоо аракети боюнча кутум болгонун билдирди.

Эске сала кетсек, 26-августта Кабул аэропортунан чыгып бараткан италиялык аскердик учак атып түшүрүлгөн. Аскердик аба күчтөрү эвакуация процессине катышып, Ооганстандан 98 жаранды жана журналистти ташып бараткан.

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/OQ/m_YBaXf8x4Xu7C9qjllHHsqtex2mSU3g.jpg

Маалымат үчүн, ушул жылдын май айында АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөр Ооганстандан чыга баштаганда, талиптер өкмөттүн көзөмөлүндөгү аймактарды басып ала баштаган. Август айына чейин талибдер ири шаарларга карай жөө жүрүшкө чыгышкан.

Андан көп өтпөй, 15 -августта талибдер Кабулду басып алышкан. Президент Ашраф Гани отставкага кетерин жарыялап, өлкөдөн чыгып кетти. Бийликти талиптерге өткөрүп берүүнү камсыздоо үчүн Координациялык кеңеш түзүлүп, анын курамына Абдулла Абдулла жана Хамид Карзай кирген. Бирок алар да үй камагына чыгарылган.

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/TX/m_DVMTEmtAEb3Bs8gGNheLLLT4HfLbHf.jpg

19-августта кыймыл расмий билдирүү таратып, өлкөдө Ислам эмиратынын түзүлгөндүгүн жарыялаган. Талибандын өкүлү Вахидулла Хашеми кыймыл Ооганстанда демократиялык мамлекет курбайт деп билдирди.

Фаррухжон Муродкулов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости