www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамбыл облусундагы жардыруудан жабыркагандардын саны өсүүдө. Маалым болгондой, 66 адам жаракат алган. Жамбыл облусунун акимчилигинин маалыматы боюнча, аймактагы өзгөчө кырдаалдан жабыркагандардын саны 66га жетти.
"Алардын көбү жеңил жаракат, эки адам оор жаракат алышты. Мындан тышкары, биз жашоочулардан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан расмий ыкчам штаб берген маалыматка гана көңүл бурууну суранабыз", - деп билдирди мэрия.
Буга чейин Жамбыл облусундагы аскер бөлүгүнүн кампасынын жанында өрт чыкканы кабарланган. Президент Касым-Жомарт Токаев Твиттердеги баракчасында өзгөчө кырдаал боюнча комментарий берди. Президент Коргоо жана өзгөчө кырдаалдар министри, ошондой эле Ички иштер министринин орун басары окуя болгон жерге дароо барып, кылмыш иши козголгонун айтты жана элди сабырдуулукка чакырды.
Булак: NazarNews.kg