www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабулдагы аэропортко жакын жердеги жардыруудан 40тан ашык адам набыт болуп, 100 киши жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости афган саламаттык сактоо тармагындагы маалымат булагына таянып жазды.

Агенттиктин маектеши каза тапкандардын сөөгү менен жаракат алгандар ооруканага жеткирилгенин билдирген. Алардын арасында аялдар менен балдар дагы бар.

Бейшемби күнү Кабулдагы аэропортто эки жардыруу болду. Анын бири чет элдиктер, анын ичинде Британия менен АКШнын жарандары чогулган Baron отелинен анча алыс эмес жерде болгону айтылууда. Маалыматка караганда, биринчисин жанкечти террорчу жасаган. Бир сааттан кийин жардыруучу каражат коюлган автоунаа жарылган. 

Афганистандагы бийлик алмашуу

Афганистандан Америкалык аскер күчтөрү чыгарылып жаткан тушта "Талибан"* кыймылынын согушкерлери чабуулга өтүшкөн. Өлкөдөгү бир катар ири шаарларды басып алышып, 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салышкан. Учурда мамлекетти башкаруунун механизми чечилип жатат. Жаңы бийликке жакын кишилердин РИА Новостиге билдиргенине караганда, бийликти 12 кишиден турган кеңеш башкарат.

Ахмад Масуддун аскерлери жайгашкан Панжшер провинциясы талибдерге каршылык көрсөткөн жападан-жалгаз очок болуп калууда.

Кабул аэропорту аркылуу чет элдиктер жана аларга көмөкчү болгон жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат. Алгачкы күндөрү болгон дүрбөлөңдө бир канча адам мерт болгон.

*Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости