www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тагдырдын оор жазмыштарында кыргыздар ар кандай оор кырдаалдарга туш болгон. «Казак кайың саап, кыргыз Ысарга кеткен» жунгар жапырыктарынын учурунда кыргыз менен казак биргелешип калмак баскынчыларына каршы күрөшүшкөн. Он сегизинчи кылымдын аягында кытайлык армия Жунгариядагы калмактарды түп-тамырынан бери кырган соң, кыргыз жана казак жергесинде калган калмактарга каршы бул эки эл биргелешип күрөшүп, өз туулган жерлерине кайтып келе баштайт.

 

Жайыл кыргыны

Айтылуу Жөжө акын Жайыл кыргыны учурунда казактарга колго түшүп зордук менен көчүрүлүп кеткен солтолордун тукумунан. Жайыл кыргынында туткунга түшкөндөрдү казактар көчүрүп кетип, алардын урпактары «бай кыргыз» деген ат менен азыркыга чейин Казакстан Республикасында турушат. Жөжөнүн атасы Каржабай Чүй өрөөнүндөгү солто уруусунан. Каржабай Абылайхандын учурунда чүйлүк кыргыздарга баскынчылык чабуулунда казактарга колго түшүп кеткен. Жөжө ошол казак жеринде туулуп, ата-энесинен эрте ажырап, жетим калган. Эр жеткенче башынан көп кыйынчылыктарды кечирип, көп кордук көргөн. Түбү кыргыз Жөжө өз мезгилиндеги акындардын алды болуп, казактын он жети акыны менен айтышып, баарын жеңген. Казак, кыргыз элиндеги айтыш өнөрүнүн албаны болгон. Жөжө акын кыргыз элин, жерин сагынып, кыргыз жерине келген. Бирок, Чүйгө, тууган-туушкандарына келип учурашып, ырдап жүргөндө, аны түшүнүп, жардам берген адам чыкпаган. Ошондуктан, Жөжө казак жерине кайтып кетип, ал жактан каза болгон.

Калмактардан өз жерин алган соң кыргыз жерине көз артышып казактардын Сан Барак, Бердикожо, Канкожо төрөлөр жана Абылай хан бир нече ирет кыргыздарга жортуулдарды уюштурат.1780-жылы Чүй аймагында болуп өткөн кандуу окуя. Абылай хандын кыргыздарга бир нече жолку жортуулдарынан кийин солтодон Кебек бий, сарыбагыштан Эсенкул баатыр, саяктан Качыке баатырлар кеңешип, Түлөбердини элчи кылып, казактар менен тынч турууга макулдашкан. Бирок, мындай макулдашууга карабастан, солтодон Жайыл баатыр казактарды бир нече жолу чаап, ошондой жортуулдардын биринде Абылай хандын жакын адамы кайтыш болот. Тууганынын өчүн алуу үчүн Абылай хан кыргыздарга катуу чабуул жасаган. Бул чабуулда Чүй өрөөнү тарапты чаап, бейкам жатышкан солтолор катуу жабыр тарткан. Солто уруусу Чүй суусунун жээгиндеги урушта курчоодо калып, Жайыл, анын уулдары Үсөн, Теке сыяктуу белгилүү баатырлар колго түшүп, өлүм жазасына тартылган. Солто урууларынан көп адамдар кырылган.

Жөжөнүн кабыры

Жөжөнүн кабыры Караганды облусунун Актогай деген ооданында  экен. Жөжө Көкчөтоодогу кыргыздарга келип кете албай калат. Анан Торугай байбиченин чоң атасы Ракымдын үйүндө жүрүп 85 жашында дүйнө салат. Акындын көзү өткөндө Ракым аксакал “Мынабу жерде каны кыргыз, жаны кыргыз, саруу, саруу ичинде кашка тамга уурусунан чыккан Жөжө деген акын каза болду, сөөгү ушул жерге коюлуп жатат. Сен билип бирөөгө айт, ал да бирөөгө айтсын. Жайы билинбей калбасын!” деп эскерткен экен. Ал жерде Абылай-Жарташ деген жер бар. Кыргыз-казакты чапкан кадимки Абылай кан ошол жерден бир конуш алып, Балхаштын боюнда өргөө көтөртүптүр. Жөжөнүн кабыры ошол жерде экен. Акынга 1956-жылы ылайдан бир күмбөз тургузушуптур. Бооруна жыгач кагып, "Жөжө акын" деп араб тамгасында жазып коюптур. Туулган-өлгөн жылынан башка “Уругу кыргыз” деп да жазып коюшканын көрдүм.  Ал жердегилер: “Биз жүздөргө кошулбайбыз. Казак болуп кеткен кыргызбыз. Эч жактан көчүп келген эмеспиз. Эч жакка көчүп барган эмеспиз. Туулуп, түшкөн жерибиз ушул жер, ата-бабабыз ушул жерди жердеген. Биз кыргызбыз" дешет экен. Караганды облусунун акими да, район акими да кыргыз экен.

Жөжө акын жалаң эле айтыш өнөрүнүн мыктысы эмес, обончу да болгон

Жөжө акынга убагында академик Маргулан кызыккан. Чокан Валиханов 1864-жылы казактан чыккан мыкты 17 акынды тандап, Омбуга чакыртыптыр. Омбуда он беш күн жаткан жерин дайындап, тамак-ашын берип, анан ушу белгилүү акындарды айтыштырыптыр. Ошол айтышта Жөжө акынга бирөө да тең келе албайт. Аны Чокан Валиханов жазып калтырып кетиптир, энциклопедияда да жүрөт. Жөжө акынга Мухтар Ауэзов, академиктер Сатпаев, Маргуландар кызыгышкан.

 Жөжө акын жалаң эле айтыш өнөрүнүн мыктысы эмес, обончу да болгон, гармошка тартчу экен. Обон чыгарыптыр, анан да акындын ашыктык ырлары аябай көп экен. Улуу акын убагында бир сулуу кызга ашык болуп, туугандары алып бермей болгондо өзү баш тартып коюптур. Кыргызстанда илимдин төрт миңге чукул кандидаты, миңге чукул доктору бар. Анан Жөжө бул жерде туулуп-өспөгөндөн кийин, жашабагандан кийин ырлары Казакстанга гана жайылып, тетиги Сары-Арка жагын каптап кеткен. Казак туугандар анын ырларын абдан жакшы билишет. СССРдин эл артисти Гуляш Байсейитова деген улуу ырчы болгон. Казактын Актогай ооданынан болот. Ушул ырчы казак адабияты менен искусствосунун 1939-жылы Москвада өткөн декадасында Жөжөнүн ырын ырдаган.

Бизде Жөжөнү билгендер аз

Жөжөнүн обондуу ырлары китептерге басылып, өзүнчө жыйнак болуп чыккан. Казак коомчулугу аны жакшы билишет. Казактар деле Жөжөнүн адабий мурасын жайылтууга жаңыдан киришип атканын айтышты. Убагында Чокан Валиханов, Мухтар Ауэзов, Маргулан, Илья Жаканов Жөжөнүн чыгармаларына кайрылганы менен токтоп калган экен. Анын тегине, чыгармачылыгына кызыгуу айрыкча казак жериндеги кыргыз туугандарда күчтүү экени байкалат.

Кыргыз коомчулугунун билим деңгээли аябай эле түшүп, мындай иштерге кызыкпай калды. Эл күнүмдүк жеңил-желпи музыкага ооп кетти. 1928 – 1929-жылдары Кыргызстанга келип Александр Затаевич деген музыка жыйноочу көрүнүктүү акындардын, өнөрпоздордун чыгармаларын жыйнап кеткен. Токтогулга жолугуп күүлөрүн жазып алган. Ал киши казактын да акын, өнөрпоздорунун чыгармаларын жыйнаган. Затаевич Жөжөнүн жүздөн ашуун чыгармаларын жазып алган. Ушундай чоң мурас калтырып кеткен. Бизде Жөжөнү билгендер аз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости