www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуз шаар иштеген ири шаарларда жол эрежесин бузган чет элдик номерлүү автоунааларга токтом чыгарылбайт. Бул тууралуу мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин “Коопсуз шаар” долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева билдирген. 
Маалыматка караганда, кыргызстанда чет элдик номер тагылган автоунаа менен жол эреже бузгандардын баары каттого алынат. Кыргызстанда чет элдик номерлердин базасы жок болгондуктан аларга токтом чыгарылбай турганын белгиледи.

“Азыркы күндө бизде база жок болгондуктан аларга токтом чыгарылбайт. Бирок бул боюнча премьердин буйругу менен жумушчу топ түзүлгөн, сунуштарды даярдадык. "Коопсуз шаар” долбоору иштеген ири шаарларда да эреже бузган чет элдик номерлүү автоунааларга токтом чыгарылбайт”, - деди ал.

Мындан сырткары, ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов эреже бузган чет элдик номерлүү автоунааларга да айып салууга коңшу Казакстанда аракеттер көрүлүп жатканын айтып, мындай иштер Кыргызстанда дагы жүрүп жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости